Марал Радиосу

Мыйзамсыз иш жасаганга шектелген милиция кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерлери Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынын Криминалдык милиция кызматынын жетекчисинин орун басары менен дагы бир кызматкерин кармады. Алар курал сатууга шектелүүдө. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Окуя Токмок шаарында болгон. Бир тууган милиционерлердин жанынан травматикалык курал жана чолок мылтык табылган.

Алынган маалыматтарга караганда, алар курал сатууга аракет кылып жатышкан.