Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: Матраимовдордун мүлкү боюнча 3 ведомствого тапшырма берилди

Кыска кабар | 31 мая 2019 | 462 | 0

Матраимовдордун мүлкү тууралуу «Азаттыктын» кабарчысы Али Токтакуновдун иликтөөсү боюнча 3 ведомствого тапшырма берилди. Мындай маалыматты премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев депутаттык комиссиянын жыйынында билдирди.

— Улуттук банкка, Финансылык чалгындоо кызматына жана Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматына тапшырма бердик. Буга чейин Финполго да тапшырма берилип, текшерүү иштерин тездетүүнү тапшырганбыз, — деди өкмөт башчы.

Кошумчалай кетсек, 29-май күнү журналист Али Токтакунов Матраимовдордун мүлкү тууралуу репортаж даярдап, 2011-2017-жылдар аралыгында 700 миллион долларды сыртка чыгарып кетишкенин айткан.

Copyright © 2017 Maral FM