Марал Радиосу

Милиция: Даракка асылып кыйылган жандар тууралуу иликтөө уланат

Чүйүн Сокулук районунун аймагында бакта асылып турган 2 адамдын денеси табылганы боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Чүй облустук Ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматы бүгүн билдирди.

25-майда Сокулук райондук милициясынын нөөмөт бөлүмүнө жергиликтүү тургундар тарабынан билдирүү түшкөн. Айтылган дарекке барган милиция кызматкерлери айылдын четиндеги бакта асылып турган 2 жансыз денени табышкан.

Бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, ыкчам тергөө иштери жүргүзүлдү. Көп узабай маркумдардын өздүгү такталып, бири — Сокулук районунда жашап жаткан 19 жаштагы Шамшыбек (М.Ш., ысымы өзгөртүлдү), экинчиси — Кочкор районунун 16 жаштагы тургуну Айгүмүш (Д. А.) экени белгилүү болгон.

Учурда тиешелүү экспертизалар жүргүзүлүп, ыкчам тергөө иштери улантылып жатат.