Марал Радиосу

Бажычылардын ишин эми видео байкоо көзөмөлдөйт

Кыргызстандын Бажы органдары эми видео байкоонун астында иш жүргүзүшөт. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталына чыккан маалыматта айтылат.

Камера жана видеобайкоочу аппараттар Бишкек шаары, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас, Нарын, Токмок, Балыкчы, Төмөнкү Ала-Арча жана Ленин бажы көзөмөл жайларына орнотулат. Ошондой эле «Манас» эл аралык аэропортуна да коюлат.

Бажы органдары үчүн алынуучу камераларга 8,1 миллион сом керектелет.