Марал Радиосу

Өзбекстан Сирияга кеткен 156 жаранын кайтарып алды

Алданып Сирияга кеткен Өзбекстандын 156 жараны президент Шавкат Мирзиёевдин көрсөтмөсү менен Мекенине кайтарылды. Бул тууралуу президенттин тун кызы Саида Мирзиёева өзүнүн Фейсбук баракчасына жарыялады.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 30-майда алар атайын авиакаттам менен Ташкент шаарына алынып келинген. Кайтып келген жарандар негизинен жаш балдар жана аялдар.

Эске салсак, буга чейин 11-майда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Сириядан 231 казакстандык көчүрүлүп келгенин маалымдаган болчу.