Марал Радиосу

Кыргызстан менен Боливия дипломатиялык мамилелерге кол койду

Кыргызстан менен Боливия мамлекетинин ортосунда дипломатиялык мамилелер орнотулду. Бул тууралуу  Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Дипломатиялык мамилелерди орнотуу жөнүндө биргелешкен коммюникеге Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаева жана Боливиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Ллорентти Солиз кол коюшту.

Биргелешкен коммюникеде эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту урматтоону жана чыңдоону, мамлекеттердин ортосундагы теңдикти, улуттук эгемендүүлүктү жана мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн, көз карандысыздыкты сыйлоону, эл аралык келишимдерди сактоону жана мамлекеттердин ички ишине кийлигишпөөнү жетекчиликке алып, дипломатиялык мамилелерди орнотууга кол коюшту.

Биргелешкен коммюникеге кол коюу аземинен кийин тараптар БУУнун жана башка эл аралык уюмдардын алкагында достук мамилелерди жана кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча сүйлөшүштү.