Марал Радиосу

Сүрөт музейдин директорлугуна талапкерлерди кабыл алуу башталды

Гапар Айтиев атындагы Көркөм сүрөт музейинин директорлук кызматына талапкерлерди кабыл алуу башталды. Мындай маалыматты Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Кадрлар жана укуктук иштер бөлүмүнүн башкы адиси Венера Өмүрбек кызы «Маралга» билдирди.

Анын белгилешинче, директорлукка талапкер гуманитардык, педагогикалык, экономикалык жогорку билимге ээ болуп, музейде 3 жылдык иш тажырыбасы болуусу керек.

— Же болбосо искусство жана маданият чөйрөсүндө жетекчилик кызматта кеминде 5 жыл иштеген болушу керек. Илимий даражасы барларга артыкчылык берилет.

Кошумчалай кетсек, документтерди кабыл алуу боюнча жарыя 29-майда берилген жана 7-июнда аяктайт.