Марал Радиосу

«Челси» — Европа Лигасынын чемпиону

Анлгиянын «Челси» футболдук клубу «Арсеналды» жеңип, Европа лигасынын чемпиону болду. 2018-2019-жылга сезондун финалдык беттеши 30-майга караган түнү Азербайжандын Баку шаарында өттү.

Оюндун биринчи бөлүгү 0:0 эсеби менен аяктады. Экинчи бөлүгүндө эсеп 4:1 болуп, «Челси» жеңишке жетишти.

Жеңүүчү клуб эми 14-августта Чемпиондор лигасынын чемпиону менен Европанын Суперкубогунда беттешет.

Чемпиондор Лигасынын финалы 2-июнга караган түнү өтөт. Мадридде өтчү беттеште Тоттенхэм менен Ливерпуль ойнойт.