Марал Радиосу

Кичин РПЛдин символикалык курамасына кирди

Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курамасынын коргоочусу Валерий Кичин «Входскорд» порталынын версиясы боюнча Орусиянын премьер лигасынын символикалык курамасына кирди.

Өткөн сезондо Кичин ойногон «Енисей» клубу турнирдик жадыбалда 16 орунду ээлеп, бир дивизион ылдый түшкөн.

Кыргызстандык футболчу сезон ичинде жалпысынан 25 оюн өткөрүп, эки голдун автору болгон.