Марал Радиосу

Жалал-Абадда заманбап кичи стадион курулуп жатат

Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаевдин демилгеси менен калаадагы №9 Раатбек Санатбаев мектебинин стадиону оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэрясынын маалымат кызматы билдирди.

200 орунга ылайыкташкан заманбап стадион бардык талапка жооп берип, толугу менен жаңыланат. Стадионду курууга жергиликтүү бюджеттен 8 млн. 700 миң сом акча каражаты каралган. Тендерден утуп алган компания бул ишти 5,5 миллион сом акчага аткармай болду.

Куруу иштери сентябрь айында аяктап, пайдаланууга берилмекчи.