Марал Радиосу

Алимбеков Агрардык саясат комитетинин төрагасы болуп шайланды

Бүгүн, 29-майда Жогорку Кеӊештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагалыгына Нурбек Алимбеков 95 добуш менен шайланды. Бул боюнча Жогорку Кеӊештин тиешелүү токтому кабыл алынды.

Жогорку Кеӊештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жалпы депутаттардын атынан Нурбек Алимбековду комитет төрагалыгына шайланышы менен куттуктап, мындан аркы ишине ийгиликтерди каалады.

Эске салсак, Нурбек Алимбеков Жогорку Кеңешке «Кыргызстан» партиясынын тизмеси менен келген.