Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин чечиминин негизинде Кыргызстан Мусулмандарынын Дин башкармалыгы Орозо Айт майрамын 5-июнга белгиледи. Бул тууралуу Муфтияттын маалымат кызматы билдирди.
Ошондой эле, белгиленген дата Айдын чыгышына карай, бир күнгө айырмаланышы мүмкүн экенин эскертилди.
Ислам шариатында Рамазан айынын башталуусу жана аяктоосу Айдын чыгышына карап аныкталат. Рамазан айы кээде 30 же 29 күн болот.