Марал Радиосу

Бир суткада жугуштуу оорулар менен 231 бейтап кайрылды

Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына 27-майда 231 бейтап кайрылган. Алардын 157cи жаш балдар. Кайрылгандардын 66сы ооруканага жаткырылган, алардын 55и жаш балдар. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Курч мүнөздөгү вирустук инфекциялар менен 27 адам кайрылса, алардын 13ү ооруканага жаткырылып, 11 бейтапка амбулатордук жардам көрсөтүлгөн. Курч мүнөздөгү ичеги-карын инфекциялары менен 39 адам кайрылса, 16сы ооруканага жаткырылган.

Exit mobile version