Марал Радиосу

Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстан, Индия, Сауд Аравияга барат

Президент Сооронбай Жээнбеков жакынкы күндөрү иш сапары менен Казакстан, Индия жана Сауд Аравияга барат. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди.

28-29-майда Казак Республикасынын Нур-Султан шаарындагы Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин мааракесине катышат. Жыйында эл аралык ишмердүүлүккө, санариптик күн тартип, жалпы электр энергетикалык рынокту түзүү жана ЕАЭБ алкагында мындан аркы интеграциялоого тийиштүү 20дай документти талкуулоо жана кабыл алуу пландалууда. Мындан тышкары, визиттин жүрүшүндө Казак президенти Касым-Жомарт Токаев жана эл башы Нурсултан Назарбаев менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү жана эки тараптуу мамилелер боюнча маселелердин бардык багыттарын талкуулоо пландаштырылууда.

Ошондой эле, өлкө башчы 30-майда Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин чакыруусу менен аталган өлкөгө барат. Анда индиялык лидердин инаугурация аземине катышат жана эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Мындан тышкары, 31-майда Эки Ыйык мечиттин көзөмөлдөөчүсү, Сауд Аравия Королу Салман бин Абдель Азиз Аль Сауддун чакыруусу менен Сауд Аравияга учат жана Мекке шаарында өтө турган Ислам Кызматташтык уюмунун XIV cаммитине катышат.

Ислам Кызматташтык cаммитинин кезектеги сессиясы уюмдун түзүлгөндүгүнүн 50 жылдыгына арналып, «Келечек үчүн бирге» чакырыгы астында өтөт.