Биз менен байланышыңыз

Билим берүү: Аудит менен чектелген коррупция

Билим-маданият | 27 мая 2019 | 577 | 1

Эмгек акыны негизсиз төлөө, акча каражаттарын негизсиз эсептен чыгаруу жана мамлекеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу. Социалдык мекемелердин жана курчап турган чөйрөлөрдүн чыгымдарына аудит жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Арстанбековдун маалыматына ылайык, Билим берүү жана илим министрлигинде жүргүзүлгөн аудиттин жүрүшүндө 2017-жылы жалпы 21 миллион 400 миң сомдук каржы бузуулар аныкталган. Мындан сырткары, резервдеги акчанын жоготуулары 560,2 млн. сомду, каражаттарды сарамжалсыз пайдалануу 14,1 млн. сомду түзгөн.

— Аудиттин жүрүшүндө жалпы 21,4 млн. сом суммасында каржылык бузуулар аныкталган. Анын ичинен, акча каражаттарынын жана товардык-материалдык баалуулуктардын кем чыгуулары — 500 миң сом, эмгек акыны негизсиз төлөө — 8,8 млн. сом, товардык-материалдык баалуулуктарды жана акча каражаттарын негизсиз эсептен чыгаруу – 1,5 млн. сом, курулуш иштеринин көлөмүн ашыруу  – 0,6 млн. сом, мамлекеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу – 600 миң сом, дебитордук жана ашырылган насыялык карызды эсепке алуу боюнча жашыруулар – 8,1 млн. сом. Ошондой эле, бюджеттин кирешесине кошумча чегерүүлөр —  0,3 млн. сом, Соцфондго которуу – 1,0 млн. сом.

Ал эми министрликтин маалымат катчысы Айзура Чыкынова билим берүү тармагынын жалпы бюджети 29.4 миллиард сомду түзөрүн, Эсептөө палатасынын актысында көргөзүлгөн 21.4 миллион сом жалпы бөлүнгөн каражаттардын 0,7 пайызы экенин маалымдады. Ошондой эле, каражаттарды калыбына келтирүү боюнча тиешелүү министрликтин буйругу чыккандыгын жана бузууга жол берген кызматкерлердин жоопкерчилиги кошумча караларын билдирди.

Билим берүү тармагынын жалпы бюджети 29 миллиард 400 миллион сомду түзөт. Эсептөө палатасынын актысында 21 миллион 400 миң сом каржылык бузуулар көргөзүлгөн. Бул жалпы бөлүнгөн каражаттын 0,7 пайызын камтыйт. Актыда көргөзүлгөн 21 миллион 400 миң сомдун 8 миллион 600 миң сому калыбына келтирүүгө жатпайт. Ал эми 7 миллион 400 миң сом бүгүнкү күндө калыбына келтирилген, 5 миллион 400 миң сомду калыбына келтирүү процесси жүрүп жатат. Министрлик бөлүнгөн каражаттардын сарпталышына дайыма талдоо жана көзөмөл жүргүзүп турат. Каражаттарды калыбына келтирүү боюнча тиешелүү министрликтин буйругу да чыккан. Укук бузууга жол берген кызматкерлердин жоопкерчилиги кошумча каралмакчы.

Бюджеттен Билим берүү жана министрлигине эбегейсиз чоң акча бөлүнөт, бирок туура эмес иштетилгендигинен улам, жыйынтыгы көргөзүлбөйт. Жетекчилер түзүлүп калган айлампаны токтотуп, ачканы бюджетке кайтаруу жолдорун табуу керек. Мындай оюн эл өкүлү Аида Исмаилова билдирди. Ал ошондой эле, мыйзамсыз аракеттерди жүргүзгөндөрдү, башкаларга сабак болгудай кылып жазалоо керектигин кошумчалады.

— Системанын күнөөсү, бул — бир. Жетекчилердин кемчилиги — эки. Анткени, көзөмөлдү жетекчилер жүргүзөт. Мындан сырткары, мурунку жетекчилердин жоопко тартылбагандыгы, бул — үч. Жаңы жетекчилер: «Ушинтип иштеп коюп, анан кетип калсак, эчтеке болбойт», — дегенди үлгү тутуп алып жатышат. Ошондуктан, башка система түзүү зарыл. Мындан сырткары, башкарууну электрондоштурууну тездетүү керек. Бул да болсо, кайсы бир деңгээлде тазаланууга жардамын тийгизмек.

Президенттин жеке көзөмөлүндө коррупция менен күрөшүү биринчи орунга коюлуп жатканы менен, паракорлуктун фронту болуп келген билим берүү тармагындагы маселелерге эч ким көңүл бурбай келет. Бул өлкөнүн келечеги үчүн чоң трагедия экендигин баса белгилеген мудагы Билим берүү жана илим министри Каныбек Осмоналиев Эсептөө палатасы сөз болуп жаткан мекеменин мыйзам бузууларын 2011-жылдан бери айтып келерин, бирок эч кандай жыйынтык болбой жатканын айтат.

— 2017-жылы эле эмес, Эсептөө палатасы 2011-жылдан бери билим берүү тармагында коррупциялык иштер болгондугун айтып келет. Бул тармактагы паракочулук чоң уюшкан топ сыяктуу болуп жабылып келет. Эгер ачылчу болсо залалы катуу болот. Себеби, муну ата-энелерден баштап, балдарга чейин көрүп, билип турат. 100 миллиондогон бюджеттин акчасы, чоң суммадагы кредит, гранттардын баары жемкорлук менен акыркы үч министрдин учурунда желип келатат. Алар: Садыков, Сариева жана азыркы Кудайбердиева.

Кошумчалай кетсек, Билим берүү жана илим министрлигинде жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча министрликтин жетекчилигине аныкталган бузуулар менен кемчиликтерди четтетүү, ошондой эле, аларга жол берген адамдардын жоопкерчилигин кароо боюнча жазма буйрук берилген. Аудиттин материалдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Президенттин Аппаратына, Коопсуздук Кеңешинин катчылыгына, Өкмөткө жана аудит объектисине жөнөтүлгөн.

1 пикир

1 пикир

  1. Базар Акаров

    28.05.2019 06:30

    Тезинен Текебаевди чыгарып депутаттык мандатын кайра бериш керек, корупцияны түп тамыры менен жок кылалы, бүт системаны өзгөртүү зарыл,2020-жылы шайлоодо ар бир кыргызстандык акчага сатылбоо үчүн,бүгүнкү күндөн баштап жер жерлерде үгүттөө иштерин башташ керек….

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM