Марал Радиосу

Перуда 8 баллдык жер титирөө катталды

Перунун түндүгүндө 8 баллдык жер титирөө болду. Бул тууралуу АКШнын геологиялык кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, зилзала жергиликтүү саат боюнча 7:41 чамасында катталган. Жер титирөөнүн очогу Лагунас округунан 83 чакырым аралыкта түштүк-чыгышта орун алган.

Азырынча курман болгондор жана кыйроолор тууралуу расмий маалымат таратыла элек.