Марал Радиосу

1-июндан тарта өлкөдө тазалык жумалыгы өтөт

Кыргызстанда республикалык тазалык жумалыгы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.

Акция туризм департаменти, «Эко Деми» коомдук фонду, «Таза Ысык-Көл» коомдук бирикмеси жана «Тонус» коомдук фонду тарабынан демилгеленүүдө.

Өлкөнү таштандылардан тазалоого багытталган иш-чара ушул жылдын 1-июнунан 10-июнуна чейин уланат.

Уюштуруучулар жарандарды өнөктүккө катышууга чакыруу менен бирге, коомдук жайлардагы тазалыкты такай көзөмөлдөөгө үндөйт.