Марал Радиосу

Мексикада министр учакты кечиктиргени үчүн кызматынан кетти

Мексиканын айлана чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстары министри Хосефа Гонсалес Бланко айым өзү кечигип, учак каттамын да кечиктиргени үчүн кызматынан кетти.

“Мен кызматтан кетүү тууралуу президентке [Андресу Мануэлю] Лопес Обрадорго арыз жаздым”, — деп твиттер баракчасына билдирүү калтырган.

Маалыматка ылайык Хосефа Гонсалес Бланко түшкөн Aeromexico авиакомпаниясынын коммерциялык учагы баш калаадан Мехикали шаарына 40 мүнөткө кечигип учкан.

Экс-министр мындайда эч кимдин артыкчылыгы болбошу керектиги, көпчүлүктүн кызыкчылыгы баарынан бийик болушу маанилүү, дегендей билдирүүлөрдү калтырган. Өлкөнүн президенти анын арызын канааттандырганы кабарланат.