Марал Радиосу

Гандбол: Талант Дүйшөбаев Польшанын чемпиону болду

Түбү Кыргызстандык Талант Дүйшөбаевдин «Виве Кильце» командасы гандбол боюнча Польшанын чемпионатын утту.

Плоцк шаарынын «Висла» командасы менен финалдык сериянын кезектеги жооптук беттешинде кечээ 25-майда өз үйүндө 32:25 эсебинде ишеничтүү жеңип, чемпион болушту. Биринчи оюнда, конокто 26:26 эсебинде тең-тең ойноп келген болчу.

Эки беттештин жыйынтыгы менен «Виве Кильце» кезектеги титулду колго киргизди.

Мекендешибиз Талант Дүйшөбаев бул командага 2014-жылы башкы машыктыруучу болуп дайындалган. Ошондон бери командасын удаасы менен 6 ирет чемпиондукка жеткирди.

«Виве Кильце» командасынын курамында мекендешибиздин эки уулу Алекс жана Даниэль ойнойт.

Жалпысынан «Виве Кильце» командасы өз тарыхында Польшанын чемпионатын 11 жолу уткан. Анын сегизин удаасы менен жеңген.