Биз менен байланышыңыз

Литвада президенттик шайлоонун 2-туру өтүүдө

Дүйнө , Кыска кабар | 26 мая 2019 | 405 | 0

Бүгүн, 26-майда Литвада президенттик шайлоонун 2-туру жана Европарламентке депутаттарды шайлоо өтүп жатат.

Дүйнөлүк басылмаларга жарыялаган маалыматка ылайык, президенттик шайлоонун 2-туру 1-турдан 2 жума өткөндөн кийин болууда. 1-турда 9 талапкердин бири да 50%дан жогору добуш топтой алышкан эмес.

2-турга өлкөнүн мурдагы Каржы министри Ингрида Шимоните жана 54 жаштагы экономист Гитанас Науседа өткөн. Алар жалпы шайлоочулардын 31,13% жана  30,94% добушуна ээ болушкан.

Литванын учурдагы президенти Даля Грибаускайте өлкөнү 2 ирет башкарып жатат. Өлкө мыйзамдарына ылайык, ал 3-мөөнөткө шайлана албайт. Литвада президенттер 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

Президенттик шайлоо Европарламентке депутаттарды шайлоону арткы планга сүрүп чыкты. Литва Европарламентте 11 орунга ээ жана алар үчүн 302 талапкер ат салышууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM