Марал Радиосу

Өзбекстанда медицина кызматкерлери кайрадан көчө тазалашууда

Чиназ райондук ооруканасынын ак халат кийген ондогон кызматкери колдоруна кетмен кармап, таштанды терип, медициналык мекеменин айланасын тазалап жүрүшкөн учуру тартылган видео тарады. Тасмада дагы үч ак халатчан аялдын эс алып отурганын көрүүгө болот.

Centralasian.org билдиргендей, медайымдар бул аялдардын экөө башкы жана улуу медайым экенин, алар күн сайын оорукананын аймагын тазалатууга мажбурлашарын билдиришүүдө.

Чиназ райондук бириктирилген ооруканасынын улуу медайымы Дилором Холкузиева медайымдар жана техникалык кызматкерлер район башчысынын буйругу менен тазалык иштерине чыгышарын, өзү да кол кабыш кыларын айтты. Ал кызматкерлер бул ишти өз ыктыярлары менен жасап жатышканын кошумчалады.

Оруукананын атын атагысы келбеген башка бир кызматкери алар тазалык иштери менен алектенип жүргөндө, бейтаптар кароосуз калып жатканын белгиледи.