Марал Радиосу

Тогуз-Торо: 20 жылдыктар Асан Абдраимов мектебиндеги классты оңдоп беришти

Бүгүн, 25-майда Тогуз-Торо районунун Казарман шаарчасындагы Асан Абдраимов атындагы орто мектептин 1999-жылы бүтүргөн окуучулары мектептеги Чыңгыз Айтматов атындагы кыргыз тили жана адабияты классын капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүп беришти.

Мындай иш-чара аталган мектепте биринчи ирет болуп жатат.

Бул демилгени көтөргөн 20 жылдыктын уюштуруучусу Мелис Эстебесов дал ушул мектепти 1999-жылы алтын медаль менен бүтүргөн.

«20 жылдан кийин өзүбүз учуп кеткен алтын уябызга келип, мектепке аз болсо да, салым кошконго аракет кылдык. Мындай иштер муну менен токтоп калбайт. Кийинки жылы да жакшы пландарды коюп, мектепке жардам беребиз деген ниетибиз бар», — деди Мелис Эстебесов.