Марал Радиосу

Япония космоско азык даярдайт

Учурда Япониянын илимий чөйрөсү космоско тамак даярдоого толук даяр экенин билдирди. Бул боюнча америкалык Илон Масктын «SpaceX» компаниясы менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын да кошумчалаган.

Маалыматка ылайык, учурда жапон окумуштуулары космоско ылайыктуу тамак-ашты узак мөөнөткө сактала тургандай кылып даярдоо ыкмаларынын үстүнөн иштеп жатат. Анткени, бул тармак жакынкы келечекте кирешелүү булакка айлануусу мумкүн.

Анткени, «SpaceX» компаниясы 2030-жылга чейин Айга адамдарды турист катары алып барууну жана Марс планетасында туруктуу жашоочуларды пайда кылууну максат кылган. Мындан улам, ал жакта адамзат үчүн керектүү болгон шарттарды түзүүдө, биринчи орунда тамак-аш маселеси турат.

Учурда, футурологдордун айтымында, 2040-жылы Айда миңге чукул адам туруктуу жашай баштайт.