Марал Радиосу

Бишкектин базарларында 5 адамдан ВИЧ илдети аныкталды

ВИЧ аялдар арасында көбөйдү

Бишкектеги Аламүдүн, Ош жана Орто-Сай базарларында ВИЧ илдетине ыктыярдуу тестирлөө жүргүзүлүп, 4 саат аралыгында 5 адам оору жуктуруп алгандыгын аныкташты. Бул тууралуу «Өнөктөштөр тармагы» ассоциациясынын аткаруучу директору Айбар Султангазиев кабарлады.

Ал билдиргендей, мындай иш-аракеттер республикалык СПИД борборунун демилгеси менен ишке ашырылып жатат.

Каалоочулар базарларга коюлган көчмө аппараттарга шилекей тапшырып, жашыруун тесттен өтө алышат. Жыйынтыктардын ишенимдүүлүгү 99 пайызды түзөт. 4 саат аралыгында 300гө жакын адам текшерүүдөн өтүп, алардын 5өөнөн ВИЧ илдети табылган.

Кайра текшерүү үчүн аталган жарандар республикалык СПИД борборуна чакырылды.

Айбар Султангазиевдин айтымында, мындай көрсөткүч Кыргызстанда ВИЧ илдетинин тездик менен жайылып баратканын көрсөтөт.

Ошондой эле, тесттин жыйынтыгы менен СПИД борбордун анализи дал келе турган болсо, анда ВИЧтин алдын алуу үчүн Саламаттыкты сактоо сектору бир катар программаларды кайра карап чыгуусу зарыл.