Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 25-майда туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Кээ бир тоолуу райондордо жана тоо этектеринде мөндүр жаашы мүмкүн. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.
Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
25-26 майда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда
түнкүсүн: 8…13… күндүз: 18… 23;
Талас облусунда
түнкүсүн: 6….11….күндүз: 17…..22;
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында
түнкүсүн: 10…15….күндүз: 23…28;
Ысык-Көл облусунда
түнкүсүн: 7…12….күндүз: 16…21;
Нарын облусунда
түнкүсүн: 6….11…..күндүз: 16….21;
Бишкекте өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы күндүз 19….21, түнкүсүн 9…11 градус болот.