Марал Радиосу

«Алар ФСБнын кызматкерлери!» УКМКны реформалоо боюнча тегерек үстөлдө ызы-чуу чыкты

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетин реформалоо боюнча өтүп жаткан тегерек үстөлдө ызы-чуу чыкты. Анда орус улутундагы белгисиз жарандар келип, уюштуруучулар менен пикир келишпестик орун алган. Келгендер өздөрүн «Антитеррор» коомдук бирикмесинин мүчөсүбүз», — деп тааныштырышкан.

Иш-чараны өткөрүп жаткандар алардын чакырылбаганын айтып, чагымчылдык кылганы келгенин белгилешти.

— Келгендер тегерек үстөлдү өткөрүп жаткандарды Американын тыңчысы деп сыпаттаса, уюштуруучулар аларды Орусиянын ФСБсынын кызматкерлери экенин айтышты, — дейт иш-чарага катышып жаткан «Маралдын» кабарчысы.

Exit mobile version