Марал Радиосу

Момунов: Бардык айылдарды таза суу менен камсыздоого 30 млрд сом керек

Республикадагы бардык айылдарды таза суу менен камсыздоо үчүн алдын ала эсеп боюнча 30 млрд. сом керек. Бүгүнкү күндө 27 млрд. сомдун каржы булактары аныкталган. Дагы 6 млрд. сомдун тегерегинде инвестиция тартуу зарыл. Бул тууралуу Ичүүчү суу менен камсыздоону өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Сайпидин Момунов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өлкөдөгү 1 миң 819 айылдын 65 %ы таза суу менен камсыз болгон. 617 айыл таза сууга муктаж. 369 айылда таза суу системасы жок болсо, 248 айылда таза суу системасынын эскилиги жетип, жаңыланбай турат.

Белгилей кетсек, 23-майда өткөн «Аймактарга таза суу» аталышындагы форумунда президент Сооронбай Жээнбеков өкмөткө 2023-жылдын аягына чейин калктуу конуштарды 100 % таза суу менен камсыздоо милдетин койгон.