Марал Радиосу

Шаардык кеңештин депутаты Аскарбек Күрүчбеков «Орозо баштык» таратты

Бүгүн, 23-майда Бишкек шаардык кеңешинин»Мекеним Кыргызстан» фракциясынын депутаты Аскарбек Күрүчбековдун демилгеси менен №2 Муниципалдык башкармалыгынын аз камсыз болгон көп балалуу үй-бүлөлөрүнө, жалгыз бой пенсионерлерге материалдык жардам көрсөтүлүп, азык-түлүк баштыктары таратылды. Бул тууралуу фракциянын маалымат кызматы билдирди.

Жалпысынан азык-түлүк баштыктары 93 адамга берилген, алардын 13ү Баатыр энелер болуп эсептелинет.