Connect with us

Майыптарды реабилитациялоо борборунда 42 адам дарыланууда

Кыска кабар | 23 Май 2019 | 559 | 0

Ушу тапта реабилитациялоо борборунда I, II, III топтогу 42 майып дарыланып жатат. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

«Биз майыптарга протез кийгизүү жана массаж, ЛКФ, физиотерапия, парафинотерапия, медикоментоздук терапия боюнча тиешелүү дарыгерлердин көрсөтмөсү менен калыбына келтирүү иш-чараларын өткөрөбүз», — дейт борбордун жетекчиси Салика Калдыбаева. 

Борбор үч маал тамак менен камсыз кылат. Алыскы аймактардан келген жарандардын бир жылда бир жолку жол киреси төлөнүп берилет. Ошондой эле, бекер дарылашат. 

Copyright © 2017 Maral FM