Марал Радиосу

Сот Динара Сагынбаеванын бошотулганы боюнча түшүндүрмө берди

жогорку сот

Жогорку Соттун маалымат кызматы мурдагы Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаеванын үй камагына чыгарылганы боюнча түшүндүрмө берди.

«Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 22-майдагы чечими менен Башкы прокуратурага караштуу ыкчам-издөө ишин жана тергөөнү көзөмөлдөө башкармалыгынын прокурорунун өтүнүчү канааттандырылды.  Сот Жазык-процесстик Кодексинин 118-беренесинин ченемдеринин жоболорун эске алып, шектүү Сагынбаевага карата баш коргоо чарасын 2019-жылдын 26-июнуна чейин анын жашаган жери боюнча үй камагына алмаштыруу чечимин кабыл алды. Ал сот залынан эле бошотулду», — деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, 2013-жылы мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин абактан мөөнөтүнөн мурда бошотулушуна байланыштуу тергөөнүн алкагында экс-министр Динара Сагынбаева 15-майда камакка алынган.

Бул ишке байланыштуу мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов, Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасынын мурунку кеңешчиси Калыбек Качкыналиев, онколог-дарыгер Эмил Макимбетов, лаборант Ирина Цопова жана бир катар тиешелүү кызматкерлер да камалган.