Марал Радиосу

Ошто жер титиреди

Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Алынган маалыматка ылайык, жер титирөө бүгүн, 22-майда болжол менен түшкү саат экилерде катталып, очогундагы күчү 3 баллга чейин жетсе, Кара-Суу районунун Лангар айылында 2 баллга чейин сезилген.

Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.