Марал Радиосу

Эмне үчүн эреже бузган жөө жүргүнчүлөргө айып салынбай жатат?

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы эреже бузган жөө жүргүнчүлөрдү эскертүү менен гана чектелип жатат. Бул тууралуу аталган кызматын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Эреже бузган жөө жүргүнчүлөрдү айыпка тартуу үчүн айыпкердин жанында өздүгүн тактаган документ болушу керек. Эгер болбосо, тиешелүү органдарга барып, өздүгүн тактоо зарыл. Мындайда 1 адамдын айынан 2 кызматкер убара болуп жүрөт. Ошондуктан, профилактикалык иштер менен алектенип жатабыз», — дейт Саркулов.

Анын айтымында, «Коопсуз шаардын» ишке кириши менен жол кыймылы жөнгө салынып калбайт.

«Жалгыз гана техниканын негизинде баарын ордуна коюуга мүмкүн эмес. Экинчиден, Бишкекте 260 жол кесилиши бар. Анын 38инде гана камера орнотулган. Калган кесилиштерде жол кыймылынын коопсуздугу биздин кызматкерлер тарабынан ишке ашырылат. Бирок эреже бузган айдоочу менен кызматкер ич ара келишип алып кетип калса, биз да билбейбиз. Мындан улам, коррупциядан баарыбыз чогуу арылышыбыз керек», — дейт Саркулов.