Марал Радиосу

Украина: Зеленский Жогорку Раданы таратуу боюнча Жарлык чыгарды

Украинанын президенти Владимир Зеленский Жогорку Раданын милдетин мөөнөтүнөн мурда токтотуп, кезексиз шайлоо өткөрүү боюнча указ чыгарды. Бул тууралуу президенттин расмий сайтына жарыялады.

«Украина Республикасынын Башмыйзамынын 77-беренесинин 2-бөлүгүнө, 83-беренесинин 6-7-бөлүктөрүнө, 90-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана 106-беренесинин 1-бөлүгүнүн 7-8-пункттарына ылайык, VIII чакырылыштагы Украина Жогорку Радасынын милдетин мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча токтом кылам», — деп айтылат жарыяланган маалыматта.

Ошондой эле, кезексиз шайлоого даярдык көрүү боюнча Украина БШКсына буйрук бергенин да кошумчалаган.