Биз менен байланышыңыз

«Коопсуз шаар»: Премьер-министр айып пулдарды кайра карап чыгууну тапшырды

Кыска кабар | 21 мая 2019 | 941 | 1

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жол кыймылынын эрежесин бузуулар үчүн айып пулдарды тууралоо маселесин изилдеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүүнү тапшырды. Бул тууралуу тапшырма өткөн кеңешмеде берилгенин өкмөт маалымдады.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коомчулуктун пикирин жана депутаттарынын демилгесин эске алып, айып пулдардын өлчөмүн кайра карап чыгууну тапшырган.

«Өлкө аймактарында долбоордун кийинки баскычтарын ишке киргизүүнүн алдында долбоорду борбор шаарда ишке ашыруунун жыйынтыктарын тыкыр талдап, келечекте бардык реалдуулуктарды эске алуу менен сапаттуу ишти камсыздоо зарыл», — дейт премьер-министр.

Өкмөт башчынын айтымында, айып пулдардын көлөмүн өзгөртүү боюнча негиздүү жана сапаттуу сунуштамаларды иштеп чыгуу үчүн маселени терең жана ар тараптуу изилдеп чыгуу керек.

Аны менен катар жол инфратүзүмүнүн жакшы эместигине байланыштуу, маселелер жарандардын кызыкчылыгына жараша жана долбоордун кийинки баскычтарын ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн чечүүнү тапшырды.

1 пикир

1 пикир

  1. Токур

    21.05.2019 20:13

    Штраф, кыргызда айтат айдаган эчкине жараша деп, же айдаганын уч эчки ышкырыгын таш жарат, Алган айлык ка жараша болуш керек.

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM