Марал Радиосу

Бишкектин айрым аймактарында газ өчүрүлөт

«Газпром Кыргызстан» жоопкерчилиги чектелген коому оңдоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу айрым райондордо жаратылыш газы убактылуу өчүрүлө тургандыгын билдирди.

Жаратылыш газын өчүрүү төмөнкү райондордо болот:

— 20-22-майда Бишкек шаарынын Профессор Зима көчөсүндө;

— 21-24-майда Орто-Сай айылынын Карбоз уулу Келдибек көчөсүндө;

— 22-24-майда Бишкек шаарынын Сыдыгалиев көчөсүндө;

Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.