Марал Радиосу

«2020-жылдан кийин мүмкүнчүлүк болсо, өкмөткө барам»

Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева «Марал» радиосуна берген маегинде 2020-жылдан кийин мүмкүнчүлүк болсо, аткаруу бийлигине барарын билдирди.

«Өкмөттү кураган мезгилде өкмөттө да иштеш керек. Аткаруу бийлигин да көрүү зарыл. Ал  жакта жоопкерчилик көп», — дейт вице-спикер.

Касымалиева журналист катары коомдук көйгөйлөрдү көп чагылдырып жүргөндүктөн, учурда социалдык маселелерге кызыгарын айтат.

Бирок социалдык маселелер менен алектенген саясатчынын коомго белгилүү болушу татаал экенин белгилейт.

«Курч ойду айтып белгилүү оңой, бирок иштеп көрүнүү оор. Ниетиң түз болуп, ушак-айыңдарга аралашпай, өз жумушуңду так аткарсаң, саясий интригадан алыс болосуң. Ар кандай адамдары көргөндө, «Кыргызстан кантип оңолот?» — деп ыза болом. Көйгөйлөрдү чечүүнүн жолун издөө зарыл. Мени үй-бүлөм менен убакыт өткөрүү, Кудайга сыйынуу, табияттын койнунда эс алуу жеңилдетет. Мындан сырткары, чыгармачылык адамды сөзсүз тазартат. Саясатка келгенден бери роботко окшоп калганымды байкадым», — дейт Касымалиева.

Ал белгилегендей, Кыргызстан — уникалдуу өлкө. Эл күчтүү жана чындыкты бетке айтат. Өлкөдө демократия өнүгүп бара жатат. Мындан улам, ар бир адамдын саясатка келип, ордун табууга мүмкүнчүлүктөр бар.