Марал Радиосу

Балдар үйүндөгүлөрдүн 95 %ынын ата-энеси бар

Кыргызстан интернат тибиндеги балдардын мекемелерин реформалоо багытында Молдованын тажрыйбасын колдонот. Ал үчүн атайын жумушчу топ жеринен барып таанышып келишкен. Маалыматка ылайык, Молдова 10 жылдын ичинде мектеп-интернаттарында тарбияланган балдардын көрсөткүчүн 5 эсеге азайта алган. Мурда интернаттарда 14 миң бала тарбияланса, азыр алардын көпчүлүгү фостердик үй-бүлөлөрдө жашайт. Ал эми интернаттарда 1000дей гана бала бар.

Өлкө калкынын 37 %ын жаш балдар түзөт. Алардын ичинен 12 миңи балдар үйүндө, интернаттарда тарбияланат. Алардын 5 %ы гана толук жетим, калгандарынын атасы же энеси бар. Мындан улам, буга чейин өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков ар бир баланын үй-бүлө шартында өсүүсүн камсыз кылуу максатында интернат тибиндеги мекемелерди реформалоону демилгелеп, мунун негизинде түзүлгөн атайын жумушчу топ Молдованын тажрыйбасы менен таанышып келишти. Маселен, Молдовада реформага чейин 10 жыл мурда 14 миң бала интернаттарда тарбияланса, азыр 1000дей гана бала бар. Эл өкүлү Айнуру Алтыбаева Кыргызстанда да мындай көрсөткүчкө жетүүгө болорун белгилеп, учурда тиешелүү мыйзамдардын үстүндө иштер жүрүп жатканын айтты.

Бизде да жогоруда айтып өткөндөй көрсөткүчкө жетүүгө болот. Анткени, Кыргызстанда биринчиден, жаңы балдар үйлөрүн ачууга мораторий жарыяланган. Экинчиден, биздин кыргыз менталитетинде «балдарды балдар үйүнө таштоо уят» деген түшүнүк бар. Азыр эми Молдованын укуктук жактан кандай иштерди аткарганы менен тааныштык. Биз да мыйзамдардын үстүндө иштөөгө аракет кылабыз.

Молдованын эң негизги көрсөткүчтөрүнүн дагы бири — фостердик үй-бүлө системасы. Башкача айтканда, балдар балдар үйлөрүндө эмес, үй-бүлө атмосферасында тарбияланат. Бул багытта азыр Кыргызстанда 132 үй-бүлө окуудан өтүп, сертификат алганы менен 17 гана үй-бүлөнүн бала багып алууга шарты бар. Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Ализа Солтонбаеванын айтымында, Молдовада болушунча балдарды интернаттарга жашатпоо чаралары көрүлөт.

— Ал жакта бала интернатка түшүп калбашы үчүн алдын ала чара көрүлөт экен. Атайын жөлөк пулдар каралып, жардам берилет. Анткени, маалым болгондой интернатка келүүгө аргасыз болгон балдардын ата-энелери оор шартта жашашат. Ошондуктан, ай сайын, жыл сайын берилүүчү жөлөк пулдар бар экен. Андан тышкары, фостердик үй-бүлө системасы жакшы ишке кирген. Бизде 17 фостердик үй-бүлө болсо, аларда 900. Буйруса, бизде да ошол сандарга жетет деп ишенебиз. Учурда 132 үй-бүлө окутуудан өткөн.

Ошондой эле, адистер инклюзивдүү билим берүү багытындагы тажрыйба менен да таанышышкан. Маселен, Кыргызстанда инклюзивдик билим берүүдө комиссия чечимди бир гана жолу чыгарып, жолдомо берсе, ал эми Молдовада ал кызмат катары иштеп, дайыма көзөмөлгө алып турат. Бул туурасында Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова айтты.

— Инклюзивдик билим берүүдө да алар алдыда экен. Маселен, бизде бир баланы текшерип, тигил же бул мекемеге бара турганы жөнүндө комиссия сунуш берсе, аларда ал комиссия катары эмес, кызмат катары иштейт экен. Сунуш гана берип койбостон, ошол баланын коомго кошулуусу, абалы боюнча дайыма кабардар болуп турат. Биздин педагогдор да ошондой ыкмага өтүүгө даяр. Бирок аларды окутуу маселеси бар.

Мындай реформанын жыйынтыгын «Балдардын укугун коргоо» лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова өкмөттүн атайын кабыл алган чечимдери жана мыйзамдардын күчү менен байланыштырат.

— Жакшы көрсөткүчкө жетүүдө Молдова чоң кадамдарды жасаганын айтууга болот. Маселен, 2006-жылы Молдованын президенти Балдардын укугун коргоо боюнча декрет кабыл алган. Бул декрет көп иштердин аткарылуусуна түрткү болуп, тиешелүү мыйзамдар кабыл алынган.

Маалыматка ылайык, өлкөдө 2012-жылдан 2018-жылга чейин интернаттардын саны 117ден 143кө жеткен. Ал эми аларда тарбияланып жаткан балдардын саны 10 миң 908ден 12 миңге чейин өскөн.

Exit mobile version