Марал Радиосу

Мындан ары Huawei смартфондорунда Google иштебейт

Google компаниясы Android оперативдик системасын камтыган кытайлык Huawei маркасындагы телефондорго чектөө киргизет. Мындан ары жаңы чыгарылуучу смартфондордо Google жана Gmail сыяктуу тиркемелер иштебейт.

Мындай чечимге Дональд Трамп кол койгон. Буга себеп, соода тармагындагы АКШ менен Кытайдын тирешүүсү экени айтылууда.

Ал эми Google Play жана Google Play Protect тиркемелери Huawei смартфондорун колдонуучуларга өз кызматын улантат. Бул жаңылык тууралуу Huawei компаниясы билдирүү жасоодон баш тарткан.