Марал Радиосу

«Кедейлерге эмес, байларга жардам берели деп жатабыз»

Кедейлерге эмес, байларга жардам берели деп жатабыз. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, учурда министрликтин каражатынын 99,2% пассивдүү чараларга жумшалат. Бирок жөлөк пул таратуу менен жарандар жакырчылыктан чыга албайт.

Мындан улам министр социалдык контракттарды киргизүү боюнча долбоор иштеп чыккан.

«Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө чарбасын түптөп беришибиз зарыл. Аларды үч жылдык программа менен окутуп, жандап жүрөлү деп жатабыз. Жардамды кедейлерге эмес, байларга берели деген план койдук. Тагыраагы жер-жерлерде каражаты аз бизнесмендерге акча бөлүп, социалдык контракт менен жакырларга жумуш орундарын түзүү сунушун берип жатабыз. Мындайда жакыр үй-бүлөнүн кирешеси 3 эсеге көбөйөт. Бул жерде ишкер үстөк пайызы жок каражат алат, жарандар жумуш менен камсыз болот. Мен сунуштаган эки долбоор пайызсыз насыяларды берүүгө багытталган иш-чара», — дейт Кочкоров.

Ал буга кошумча, социалдык контрактарды киргизүү боюнча долбоор Аймактарды өнүктүрүү иш-чарасына да туура келерин  белгиледи.

Айта кетсек, Кыргызстанда 1 млн. 601 миң адам жакыр жашайт. Алардын 292 миңи социалдык жөлөк пул алат.