Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча 20-майда күндүз тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда
түнү: 8…13….күндүз: 25…30;
Талас облусунда
түнү: 7….12….күндүз: 23…28;
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында
түнү: 9…14….күндүз: 26…31;
Ысык-Көл облусунда
түнү: 3…8….күндүз: 16…21;
Нарын облусунда
түнү: 3…8…күндүз: 14…19;
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы күндүз 27….29, түнкүсүн 10…12градус болот.