Марал Радиосу

Өкмөт башчы «КТ Мобайл» боюнча үн катты

«КТ Мобайл» — мамлекеттик долбоор. Аны аягына чейин чыгарыш керек. Менин оюмча, чарбалык маселени, экономикалык маселени саясатташтыруу туура эмес». Мындай пикирин бүгүн, 18-майда өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев журналисттердин суроосуна жооп берип жатып айтты.

«Азыр эми депутаттык комиссия иштеп жатат. Иштешсин, азыр айтылып жаткан «бажасы, анын уулу» деген сөздөрдүн баары тастыкталсын. Мен да өзүм туугандардын аралашканын туура эмес деп ойлойм. Бирок ошолордун баарын тастыктайлы», — деди Абылгазиев.

Ал эми пландалган долбоорду өзү сунуштаганын айтып, колдогонун билдирди.

«Мамлекеттик көз карашта болгон долбоорлорду баарыбыз колдойбуз деп ойлойм. Бул «КТ Мобайл» менен «Мегаком» биргелешип иштей турган долбоорду мен өзүм колдогом, мен өзүм айткам. Себеби, азыркы иштеп жаткан уюлдук рынокто кыргыздын духу болгон компания жок. Ошол кыргыздын духу болгон компанияда жарандар иштесе, алар төлөгөн акчалар мамлекеттин бюджетине түшсө, менимче, жаман эмес», — деди өкмөт башчы.

Эске салсак, «Кыргыз Телеком» компаниясына караштуу «КТ Мобайл» компаниясынын жетекчисинин орун басары кызматына премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасынын уулу Эрназар Иманкадыр уулу дайындалып, бул коомчулуктун кескин сынына кабылган болчу.