Марал Радиосу

Эртең Кыргыз драма театрында «Күйөө бала» спектакли болот

Эртең, 19-майда Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында Саид Ахмаддын «Күйөө бала» аттуу комедиясы болот. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат жана адабият кызматы кабарлады.

Аталган комедияга Кыргыз эл артисттери Күмөндөр Абылов, Табылды Актанов, КР Эмгек сиңирген артисти Нурканбек Турсунбаев жана башка көптөгөн театр залкарлары катышып, роль жаратышат.

Спектакль саат 18:30да башталат. Билет баасы: 200 сом.