Марал Радиосу

Жогорку Сот Матраимовдун пайдасына чечим чыгарды

Жогорку Сот Райымбек Матраимовдун кызмат ордунан мыйзамсыз бошотуу боюнча арызын карады. Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, 17-майдагы соттук отурумда Матраимовду Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары кызматына кайра коюу боюнча Бишкек шаардык соту менен Биринчи Май райондук сотунун чечими күчүндө калтырылды.

2017-жылы ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаков Райымбек Матраимовду «иши саясий жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына каршы келет» деген жүйө менен Бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгынан алган. 2018-жылы 26-апрелде Матраимов «мени негизсиз иштен алды» деп Сапар Исаковду сотко берген.

Мурдагы чечимдерди күчүндө калтыруу менен Жогорку Сот Матраимовдун кызмат ордунан бошотулушу мыйзамсыз болгонуна макул болду.