Марал Радиосу

Эң көп Нарын менен Таласта эрте турмуш курушат

Эрте турмуш куруу фактыларынын көпчүлүгү Талас, Нарын жана Чүй облустарында катталат. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин чыгырган жыйынтыгында маалымдалат.

Маалыматка ылайык, өлкө аймагы боюнча 20-24 жаш аралыгындагы аялдардын 13 %ы 18 жашка чейин турмушка чыккан. Талас облусунда бул көрсөткүч 18 %, Чүй жана Нарын облустарында 17 %ды көрсөткөн. Ал эми Ошто 10 % болсо, Бишкекте 6 % катталган.

Комитеттин отчетуна ылайык, 15-19 жаш аралыгындагы ар бир он үчүнчү кыз үй-бүлөлүү. Турмуш курган өспүрүмдөрдүн 2,7 %нын жолдошу 10 жаш же андан да улуу куракта.

Изилдөө ЮНИСЕФ балдар уюмунун колдоосу менен өткөрүлгөн. Ага 7 миң үй кожейкеси катышып, 2018-жылдын сентябрь-ноябрь айларында жүргүзүлгөн.