Марал Радиосу

Германия Кыргызстандагы немистерге жардам берет

Германиянын Өкмөтү тарабынан Кыргызстандагы немистерге маданий-гуманитардык, социалдык чөйрөлөрдө жана ошондой эле билим берүү жана жаштарды колдоо тармагында жардам берилет. Мындай маалыматты Чолпон-Ата шаарында өткөн кыргыз-герман өкмөттөр аралык комиссиясынын 13-отурумунда билдиришти.

Отурумга Германиянын Федералдык Өкмөтүнүн бир жерден экинчи жерге көчүп келгендердин жана улуттук азчылыктардын маселелери боюнча Ыйгарым укуктуу өкүлү, профессор Бернд Фабрициус жетектеген герман делегациясы катышып, иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстандагы немистердин маселелери каралды. Жыйынтыгында коммюнике кабыл алынды жана анда Кыргызстандагы немистердин маселелери боюнча кыргыз-герман өкмөттөр аралык комиссиясынын алкагында эки өлкөнүн ортосундагы мындан аркы кызматташуу белгиленди.