Марал Радиосу

«Сирия — менин энемдей…»

Boy's face, looking at camera, cropped view with digitally placed Syria flag on his face.

Мен унаам менен Америкадан азыркы учурда жашап жаткан журтум Канадага кайтканы жаткан элем. Чек арага келип, Канада паспортун текшерүүчү аялга сундум. Бир аз убакыт үн катпай туруп калды. Туулган жери деген графада «Сирия» деп жазылган эле.

Ал таң калып сурады:

— Кантип Сирия?

— Буйруса, баары өз ордунда деген үмүттөмүн.

— Канадада качантан бери жашайсыз?

— Үч жыл болду.

—  Сирияга акыркы ирет качан бардыңыз эле?

— Үч жыл мурун.

Мага карап жылмайды да, «Кайсы өлкөнү көбүрөөк жакшы көрөсүз? Сирияныбы же Канаданыбы?» — деген суроо берди.

— Мен үчүн Сирия менен Канада – энем менен аялымдай. Аялымдын сулуулугун сүйүп тандагам. Бирок, анын көзүн карап, энемди унутта калтыра албайм. Ал эми, энени тандоо — менин ыктыярымдагы нерсе эмес. Бирок, анын койнунда мен бейпилдикке, ырахатка бөлөнөм. Ыйласам, бооруна башымды жөлөп ыйлайм. Көз жумсам, Жараткандан ошол жердин топурагын жазданууну суранам.

Ал паспортту жаап жатып, мени таңыркап карады да, мындай деди:

— Ал жерде азыр абал өтө оор, жашоо татаалдашып кеткен. Эмне себептен дагы эле Сирияны жакшы көрөсүз?

— Эмне себептен дагы эле энеңди жакшы көрөсүң дегиңиз келип турабы?

— Ооба, энеңиз дейли.

– Энемдин дары-дармекке да, дарыгерге да берүүгө акчасы жок чыгар. Бирок, ал кандай болгон күндө да, мени бооруна кысып, жылуулук чачып, мээрими менен кучагына алат. Анын жүрөгүнүн согуусу, энелик деми – мага күч-кубат болот.

— Мага Сирия жөнүндө айтып бериңиз.

– Сирия… Балким, сары чачтуу, көркөм, сулуу эместир… Бирок жүзүнө карасаң, ырахатка батасың. Анын көздөрү жашыл же көк эмес. Бирок тигилгениңде жан дүйнөңө бейпилдик тартуулайт. Көйнөгү — жөнөкөй, бирок, ал үстүнө аруулукту жана ырайымды кийип алган. Ал алтын, жакут менен кооздолгон эмес, бирок, моюнуна буудайдын машагынан маржан илип алган. Анысы ачка калганды тоюндурат. Уурулар аны уурдашты… Талкалашты… Бирок, жүзүнөн жылмаюусу кеткен жок…

Паспортту кайтарып берип жатып:

— Телевизордон Сирияны көргөм. Тилекке каршы, сиз айтып жаткандай эмес, — деди.

— Сиз, картадагы Сирияны көргөн турбайсызбы. А мен болсо, жүрөгүмдүн түпкүрүндө жайгашкан Сирияны айтып жатам.

— Үмүт кылам, сиз Канадага да, Сириядай көңүл бурасыз!  Тактап айтканда, энеңизге боорукер, кайрымдуу болгондой эле, жубайыңызга да ишенимдүү, боорукер болосуз дегим келди.

— Канада экөөбүздүн ортобузда ант менен ишеним бар. Мен антты бузуучулардан эмесмин. Мага антка жана ишенимге бекем болууну энем (Мекеним) үйрөткөн!

P.S.: Башка өлкөдө да Күн чыгат… Ай толот. Шамал болот. Таттуу коон-дарбыз, түркүн мөмө, жылуу үй, бир пиала чай, бир кесим нан табылат. Балким, Мекендегиден да даамдуураак, жакшыраак болуусу мүмкүн. Бирок, бир да нерсе Мекендин бир ууч топурагынын ордун баса албайт. Өз өлкөңдүн желеги эркин желбиреп турганын көргөндөн өткөн бакыт жок бул дүйнөдө! Бекеринен Улуу Пайгамбар да «Мекенди сүйүү — ыймандан» деп айтпаган чыгар. Колубузда бар эркиндиктин, эгемендиктин баркына жетели! Урпактар үчүн аманатка алган Мекенди, желекти карегибиздей сактайлы.  Биздин, сиздин мүмкүнчүлүк болуп туруп, аткарбай койгон иштерибиз үчүн алардын жооп берип калуусунан сактаналы.

Которгон: Дайырбек Максыт уулу

Exit mobile version