Марал Радиосу

Латвиянын паспортун алып жүргөн аял кармалды

Чек арачылар Латвия өлкөсүнүн паспорту менен чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган Кыргызстандын жаранын колго түшүрдү. Бул тууралуу Чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү кабарлады.

Кечээ 48 жаштагы Кыргызстандын жараны «Акжол-Автожол» көзөмөл-өткөрмө пунктунан өтүп жатып, Латвия өлкөсүнүн жаранынын паспортун көрсөткөн. Чек арачылар пасорттогу сүрөт менен аны көрсөткөн аялдын ортосундагы айырманы дароо байкашкан.

Шектүү кармалып, тийиштүү документтер толтурулуп, Улуттук коопсуздук комитетинин аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.