Марал Радиосу

АФК: «Дордой» «Истиклолду» жеңди

Бишкектин «Дордой» клубу Азия футбол конфедерациясынын кубогунун 4-турунда Тажикстандын чемпиону «Истиклолду» жеңип алды. Беттеш 15-майда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп, 2:1 эсеби менен талаа ээлери«Дордой» клубунун пайдасына аяктады.

Оюндан кийинки маалымат жыйынында Бишкек клубунун башкы машыктыруучусу Александр Крестинин «Дордой» — «Истиклол» беттешинде жеңишке жетүү оңой болбогонун айтты.

Кийинки тур 19-июнда болуп, анда «Дордой» клубу Түркмөнстандын «Алтын Асыр» клубу менен ойнойт.