Марал Радиосу

«Эрдоган бийликке келип, Түркия демократия боюнча артка кетти»

Саясат талдоочу Алмаз Тажыбай «Марал» радиосуна берген маегинде Түркиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камил Фыраттын теңсинбеген мамилеси туура эместигин билдирди.

Анын айтымында, Түркия «аксакал» ролунда келе жатат.

«Түркия 2016-жылдагы төңкөрүшкө Америкада жашаган Фетхуллах Гүленди күнөөлөп жатат. Эгер чыны менен ошондой болсо, өз өлкөсүндөгү адамдары менен чатакташсын. Ал эми элчинин Кыргызстандагы жарандарды террорист дегени туура эмес. Мындан сырткары, Түркиянын бюджетинде диний тармакты колдоо деген нерсе жок. Мечит Түркиянын каражатына эмес, түрк элинин жардамы менен салынган. Кыргыз намыскөй болот. Биз үчүн матералдык байлык экиинчи орунда турат. Кыргыз улутттук баалуулуктарды биринчи орунга коёт», — дейт Тажыбай.

Ал буга кошумча, Түрк лидери Режеп Тайып Эрдоган бийликке келгенге чейин Түркия демоктратия боюнча Кыргызстандан алдыда турганын айтып, азыр артка кеткенин белгиледи.