Марал Радиосу

Дональд Трамп Ак үйдө ооз ачырды

АКШнын президенти Дональд Трамп 13-майда Ак үйдө ооз ачырганын жергиликтүү басылмалар жазды.

Ооз ачуу аземинин жүрүшүндө Трамп: «Рамазан айы — бул, АКШнын жана дүйнө мусулмандарынын ыйык айы» — деген.

Эске салсак, Дональд Трамп экинчи жолу Ак үйдө ооз ачар өткөрүп жатат. 2017-жылы Ак үйдө өткөрүлбөй калган ооз ачар үчүн көпчүлүктүн сынына кабылган болчу.

Кошумчалай кетсек, АКШда 3, 5 млн. мусулман жашаары айтылат. Ошондой эле, эң тез тараган дин болгондуктан, 2050-жылы Ислам динин кармагандар АКШда 8,1 млн. адамга жетиши мүмкүн деген божомолдор да бар.